Бизнес үчүн накталайсыз төлөмдөрдү кабыл алуу: «О!Деньги» сервисинен ыңгайлуу жана расмий чечим
«О!Деньги» төлөм тутуму ишкерлерге накталайсыз төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ыңгайлуу жана коопсуз чечимди сунуштайт: улуттук стандартка дал келген QR-код аркылуу жана ККМ функциясы бар Smart POS-терминалдын жардамы менен.
Бул кантип иштейт?
Сатып алуучу товарды же кызмат көрсөтүүнү төлөгөндөн соң акча каражаттары сатуучунун жеке эсебине эмес, алыш-бериш эсебине чегерилет. Бардык юридикалык жактар жана жеке ишкерлер акчаны POS-терминал же QR аркылуу кабыл ала алышат.
Төлөмдөрдү POS-терминал аркылуу жана QR-код менен кабыл алган «О!Деньги» сервисинин өнөктөштөрү мыйзамдардын бардык зарыл болгон талаптарын аткарышат.
«О!Деньги» QR боюнча интеграциялоонун артыкчылыктары:
• кардарлар үчүн ыңгайлуу жана ылдам төлөө ыкмасы;
• капчыктын колдонуучуларынын кеңири базасы;
• акча каражаттарын компаниянын алыш-бериш эсебине өз убагында которуу;
• төлөмдөрдү 24/7 бою онлайн режимде ыңгайлуу көзөмөлдөө жана талдоо;
• тез туташтыруу жана персоналды үйрөтүү.
ККМ бар «О!Деньги» POS-терминалдары менен иштөөнүн артыкчылыктары:
• төлөмдөрдү QR жана банктык карталар аркылуу кабыл алуу;
• оңой жана акысыз орнотуу;
• акысыз тейлөө жана чек лентасын берүү;
• лимиттер жана айып пулдар жок;
• фискалдык чектерди басып чыгаруу;
• маалыматтарды иштеп чыгып, Мамлекеттик салык кызматына жөнөтүү;
• физикалык ККМ кассалык аппараты үчүн чыгашаларды кыскартуу;
• кайсы болбосун банктын банктык эсеби менен интеграциялоо;
• ишенимдүү жана ылдам иштөө;
• күнү-түнү онлайн колдоо.
Кантип өнөктөш болсо болот?
Туташтырууга өтүнмө үчүн ыңгайлуу болгон кайсы болбосун ыкма менен бизге байланышыңыз:
• 0705000303 телефон номери боюнча;
• Whatsapp же Telegram мессенджерлеринен.
Миңдеген сатуу жана тейлөө түйүндөрү «О!Деньги» сервисин тандап, төлөмдөрдү ийгиликтүү кабыл алууда. Сиз да баштаңыз!
Сервис «Халык Банк Кыргызстан» ААК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 22.06.2017-ж. №044 лиц.
«Грин Телеком Сервис» ЖЧК («О!Деньги»). КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.
02.08.2024