Улуттук стандарт боюнча QR. Бизнес үчүн талаптар жана чечимдер
«О!Деньги» төлөм тутуму ишкерлерге төлөмдөрдү улуттук стандартка шайкеш QR-код аркылуу алуу боюнча пайдалуү жана ыңгайлуу чечим тартуулайт.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын токтомдоруна ылайык, бекитилген тизмеге кирген бардык соода-сервис ишканалары төлөмдөрдү улуттук стандартка шайкеш QR-код боюнча кабыл алуу мүмкүндүгүн ишке ашырууга милдеттүү.
Ошол эле учурда, коммерциялык банктар менен төлөм тутумдарынын операторлорунун баары бизнес үчүн QR-төлөмдөрдү аткаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү мүмкүндүгүн 2022-жылдын 31-декабрына чейин камсыздоого тийиш.
«О!Деньги» төлөм тутуму рынокто биринчилерден болуп, колдонулган QR-коддорду унификациялоо жана аларды жаңы талаптарга шайкештөө боюнча иш-чараларды аягына чыгара алды.
Бул болсо, «О!Деньги» сервисинин QR-код боюнча төлөмдөрдү кабыл алган өнөктөштөрү да мыйзамдардын талаптарын аткарууда дегенди түшүндүрөт.
Кантип өнөктөш боло аласыз?
Шилтемеге кирип, маалыматтарды толтуруңуз да, адистин чалуусун күтүңүз.
«О!Деньги» сервисинин бизнес үчүн артыкчылыктары:
· Кардарлар үчүн тез жана ыңгайлуу төлөө жолу;
· Капчыктын колдонуучуларынын кеңири базасы;
· Акча каражаттарынын компаниянын эсебине өз убагында которулушу;
· Төлөмдөр боюнча 24/7 онлайн режимде ыңгайлуу көзөмөл жана аналитика;
· Кызматкерлерди тез кошуу жана окутуу;
· Кардарларды коштоо боюнча менеджердин колдоосу.
«О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууну миңдеген сатуу жана тейлөө борбору тандап, ийгиликтүү колдонууда. Сиз дагы кошулуңуз!
29.11.2022