KICB кызматтары тиркемеде
«О!Деньги» төлөм тутуму финансы кызматтарын пайдалануу мүмкүндүгүн кеңейтүүдө.
Эми «Мой О!» тиркемесинен жана О! кеңири терминалдык тармагынан «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖААКнун (KICB) эсептерин, карталарын толуктоо жана кредиттерин төлөө ыңгайлуу болуп калды.
Тиркемедеги кызматтарды пайдалануу каалаган учурда онлайн-төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүндүгүн берет жана банктын бөлүмдөрүнө баруу зарылчылыгынан арылтат.
Колдонуу жөнөкөй:
1. Google Play же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз;
2. «О!Деньги» бөлүмүн тандап, «Каталог боюнча издөөнү» басыңыз;
3. «KICB» деп киргизип, керектүү сервисти тандаңыз жана реквизиттерди жазыңыз;
4. Телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан төлөңүз.
Комиссия 1,5% түзөт.
Төлөө жөнүндө электрондук дүмүрчөк төлөмдөрдүн тарыхчасында сакталып калат.
05.10.2022