Кешбэги жана акысыз тейлөөсү бар Visa Gold «О!Деньги» виртуалдык картасы
«О!Деньги» сервиси кешбэги бар акысыз Visa Gold виртуалдык картасын чыгарып баштады. Карта менен болгон ар бир сатып алуудан, сервис сумманын 1%ын кардарларына кайтарып берет.
Картанын балансы – бул капчыктын балансы, аны өлкөдөгү терминалдардын көбүнөн жана банктардын тиркемелеринен комиссиясыз толуктаса болот.
Visa «О!Деньги» картасы менен интернеттеги каалаган сатып алууларды төлөсө болот: сүйүктүү сервистерге жазылуу, онлайн-дүкөндөрдөгү сатып алуулар, тамак-аш жеткирүү, оюндар жана көптөгөн башка сатып алуулар.
Мындан тышкары, Android-смартфондордун колдонуучулары картаны Google Pay’ге байлап алып, сатып алууларды дароо смартфон менен төлөй алышат.
Картаны Google Pay’ге кантип кошуу керек – видеосерепти көрүңүз.
Visa Gold «О!Деньги» дагы эмнеси менен ыңгайлуу:
• банкка барбастан заматта акысыз чыгаруу;
• 3DS технологиясы бар коопсуз интернет-төлөмдөр;
• картаны дароо тиркемеден ыңгайлуу башкаруу;
• Google Pay’ди жана Garmin Pay’ди колдоо;
• POS-терминалдардан смартфон же саат менен контактсыз төлөө;
• бүт өлкө боюнча нактаматтар тармагынан акысыз накталатуу.
Картаны кантип акысыз ачса болот:
1. Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.
2. «О!Деньги» капчыгын ачып, «Visa — виртуалдык карта» салмасын тандаңыз.
3. «Картаны ачуу» баскычын басыңыз.
Карта төлөм жүргүзүү үчүн дароо даяр!
Кешбэкти чегерүүнүн толук шарттары dengi.kg сайтында (ссылка).
Кешбэкти чегерүүнүн шарттары:
1. Кайсы болбосун POS-терминал аркылуу Visa Gold «О!Деньги» картасы менен ар бир төлөмдөн бонустук эсепке 1% кешбэк чегерилет.
2. Бонус алуу үчүн транзакциянын максималдуу суммасы: 25 000 сом.
3. Суткасына 1 POS-терминал аркылуу транзакциялардын максималдуу саны: 4.
4. Бир транзакция үчүн бонустардын максималдуу суммасы: 500.
5. Бир айда бонустардын максималдуу суммасы: 10000.
6. Акча которууда жана банкоматтардан накталатууда бонустар чегерилбейт.
*
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц. Карталарды эмиссиялоо КРУБдун 20.10.2022-ж. №7003201022 лиц. негизинде атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында жүзөгө ашырылат.
01.02.2024