toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

«О!Деньги» Kaspi’ге акча которуудагы комиссияны нөлгө түшүрдү

«О!Деньги» Kaspi’ге акча которуудагы комиссияны нөлгө түшүрдү

«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» финансылык сервиси мурдагыдан да пайдалуу жана ыңгайлуу төлөм аспабы болууда.
Эми Kaspi’ге онлайн-которууну комиссиясыз жөнөтсө болот. Казакстанга акча которуулар банкка барбастан дароо смартфондон 24/7 бою жеткиликтүү.

 

Ыкчам которууну кантип жөнөтсө болот

·         «Мой О!» тиркемесин → «О!Деньги» капчыгын ачыңыз.

·         «Которуулар» бөлүмүн тандаңыз → «Kaspi которуу».

·         Толук маалымат бериңиз, которуунун суммасын көрсөтүп, төлөмдү ырастаңыз.

·         которуу заматта түшөт.

 «О!Деньги» капчыгынын көптөгөн башка мүмкүнчүлүктөрү:

·         О! терминалдарынан жана байланган картадан акысыз толуктоо;

·         өлкөнүн бардык мобилдик операторлорунун абоненттерине жеткиликтүүлүк;

·         коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, интернетти жана каталогдогу 2500дөн ашуун сервисти төлөө;

·         200дөн ашуун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө: патентти тариздөө, паспортту жасоо, ЖААКтын, ИИМдин, Юстиция министрлигинин кызмат көрсөтүүлөрү, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымкаттары жана башкалар;

·         QR аркылуу ар бир төлөмдөн 50%га чейин кешбэк;

·         Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Украинын, Түркиянын, Азербайжандын жана Армениянын банктарынын капчыктарына жана карталарына которуулар;

·         бүт өлкө боюнча O!Store дүкөндөрүнөн жана нактаматтардан акысыз накталатуу.

«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп алып, накталайсыз төлөмдөрдүн бардык артыкчылыктарын пайдаланыңыз.

 

* «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.