toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Бишкектен азык-түлүк сатып алууда убакытты жана акчаны кантип үнөмдөсө болот

Бишкектен азык-түлүк сатып алууда убакытты жана акчаны кантип үнөмдөсө болот

«Мой О!» өз колдонуучуларынын ыңгайлуулугу үчүн онлайн-сервистерди өнүктүрүүнү улантууда жана бишкектиктерге азык-түлүк сатып алууда убакыт менен акчаны үнөмдөөнү сунуштайт.

Тиркемедеги «О!Маркет» маркетплейси Globus дүкөндөр тармагынан товарларды күнү-түнү бир нече басуу менен сатып алууга мүмкүндүк берет. 

 Жеткирүү кызматы убактыңызды кантип үнөмдөйт?

Дүкөнгө чейинки жолго жана жол тыгындарына убактыңызды коротпоңуз. Буйрутманы үйгө чейин акысыз жеткирүүсү менен онлайн бериңиз.

 Азык-түлүккө онлайн буйрутма берүү бюджетти кантип үнөмдөйт?

Биринчи буйрутма үчүн колдонуучулардын «О!Деньги» капчыгына 300 сом бонус түрүндө кайтарылат, кийинки буйрутмаларга 2% кешбэк берилет. Бонустарды коммуналдык кызматтарды төлөөгө же болбосо бонустук программанын өнөктөштөрүнөн сарптаса болот: дарыканалардан, кафелерден, май куюучу жайлардан же ошол эле Globus дүкөндөрүнөн.

 Буйрутманы канчалык тез алып келишет?

Бишкек шаары боюнча товарларды этияттык менен камкордуу жеткирип берүүгө 2 сааттан ашык эмес убакыт кетет, көп учурда андан да аз убакытты талап кылат. Буйрутманы 24/7 бою тиркемеден тариздесе болот.

 Дагы кандай бонустар бар?

Акысыз жеткирүүдөн тышкары, 1000 сомдон жогору суммага буйрутма берүүдө «Мой О!» тиркемесинин колдонуучуларына 2 акысыз Fresh Tag лимонадын жеткирип беришет.

 Буйрутманы кантип онлайн тариздесе болот?

1.     «Мой О!» тиркемесин ачыңыз → «О!Маркет» → Globus.

2.     Себетке керектүү товарларды кошуп, «Улантуу» баскычын басыңыз.

3.     Жеткирүүнүн дарегин терип, «Төлөө» баскычын басыңыз.

4.     «О!Деньги» капчыгында көрсөтүлгөн эсепти ачып, төлөмдү ырастаңыз. 

«Мой О!» мобилдик тиркемесин App Store’дон же Google Play’ден жүктөп же жаңыртып алып, биринчи буйрутмаңызды дароо азыр тариздеңиз!

 Акысыз жеткирүү, биринчи сатып алуудан 300 бонус жана белекке Fresh Tag лимонады (0,45 литрден 2 даана) «О!Маркеттен» Globus’тагы товарларды 1000 сом жана андан жогору суммага буйрутма берүүдө берилет. Акция Бишкек ш. 03.06.2024-ж. тарта 31.08.2024-ж. чейин жүрөт.