toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Globus дүкөндөрүнөн сүйүктүү азык-түлүктөрдү акысыз жеткирүү «Мой О!» тиркемесинде

Globus дүкөндөрүнөн сүйүктүү азык-түлүктөрдү акысыз жеткирүү «Мой О!» тиркемесинде

«О!Маркет» маркетплейсинин жана Globus дүкөндөр тармагынын үзүрлүү кадамдарына жараша, эми азык-түлүктөрдү сатып алуу мурдагыдан да ыңгайлуу жана оңой болуп калды. Кыргызстандыктардын сүйүктүү дүкөнүнөн товарларды жеткирүү кызматы эми «Мой О!» тиркемесинен жеткиликтүү.

Globus жаңы жашылча-жемиштердин, эт жана сүт азыктарынын, балдардын тамагынын, тиричилик химиясынын жана көптөгөн башкалардын кеңири ассортиментин сунуштайт.

Эмне үчүн бул пайдалуу?

Сунушталган ассортименттин жагымдуу бааларынан тышкары, «Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары Бишкек шаары боюнча азык-түлүктөргө буйрутма бере алышат. Буйрутманын суммасы 1000 сомдон жогору болгондо, жеткирүү акысыз.

«О!Маркетте» кандай ассортимент сунушталат?

Globus дүкөндөр тармагындагы 4 000ден ашык товар маркетплейсте жеткиликтүү. Ассортимент дайыма өсүп турат, анын ичинде колдонуучулардын каалоолору боюнча дагы. Товарларды үйдөн чыкпай туруп тандаңыз жана сатып алыңыз!

Товарлар канча убакытта жеткирилет?

Азык-түлөктөрдүн баарынын жарактуу мөөнөтүнүн оптималдуулугу жана таңгактарынын бүтүндүгү кылдаттык менен дүкөндөн текшерилет. Андыктан, буйрутманы тариздөө жана үйгө чейин жеткирүү 2 сааттан ашык эмес убакытты гана талап кылат.

Буйрутманы кантип тариздейт?

1.     «Мой О!»мобилдик тиркемесин App Store’дон же Google Play’ден жүктөп же жаңыртып алыңыз.

2.     «О!Маркет» бөлүмүн → Globus’ту ачыңыз.

3.     Керектүү товарларды себетке кошуп, «Улантуу» баскычын басыңыз.

4.     Жеткирүүнүн дарегин терип, «Төлөө» баскычын басыңыз.

5.     Тиркемеде көрсөтүлгөн эсепти ачып, төлөмдү ырастаңыз.

Биринчи буйрутмаңызды дароо азыр тариздеңиз!

«О!Маркет» - ыңгайлуу сатып алуулар үчүн «Мой О!» тиркемесиндеги маркетплейс.