toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

«О!Деньги» финтехи эл аралык Visa Payment Forum’да өз тажрыйбасы менен бөлүштү

«О!Деньги» финтехи эл аралык Visa Payment Forum’да өз тажрыйбасы менен бөлүштү

«О!Деньги» финансылык сервиси эл аралык Visa Payment Forum’уна катышты. Иш-чара Борбордук жана Чыгыш Европадан, Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан келген финансы тармагындагы 600дөн ашуун экспертти чогултту.

Форумдун алкагында «О!Деньги» сервисинин CEO-директору Михаил Евдокимов санариптик төлөмдөр индустриясынын лидери Visa менен болгон ийгиликтүү кызматташуунун тажрыйбаларын бөлүштү. Евдокимов эки тарапка бирдей олуттуу болгон кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Visa Gold виртуалдык картасы чыгарылып башталгандыгы боюнча айтып берди.

Форум санариптик төлөмдөр жаатындагы башкы тенденцияларды жана инновацияларды талкуулоо үчүн, ошондой эле тажрыйбалар менен бөлүшүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктү түзүп берип, мындан тышкары финансы тармагындагы эл аралык кызматташуунун бекемдөөсүнө өбөлгө түздү.

«О!Деньги» сервисинин Visa Payment Forum ‘га катышуусу финтех-кызматтар рыногундагы лидерликке болгон умтулуусун өзгөчө белгилөө менен, өз кардарлары үчүн мындан ары да алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана алдыдагы өнүгүүлөргө даяр экенин ырастады.

Белгилей кетсек, «О!Деньги» – Google Pay’ди жана Garmin Pay’ди колдогон Visa карталарын чыгарып баштаган Кыргызстандагы биринчи финтех. Бул иш-аракет өлкөдөгү накталайсыз төлөмдөр рыногунун өнүгүүсүндөгү салмактуу кадам болуп саналат. Компания жеке кардарлар үчүн да, бизнес үчүн да пайдалуу жана ыңгайлуу финансылык чечимдерди сунуштап, өз позицияларын бекемдөөнү улантууда.