toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

«Мой О!» биринчи: КТБга электрондук кезекке туруу боюнча жаңы сервис

«Мой О!» биринчи: КТБга электрондук кезекке туруу боюнча жаңы сервис

«Мой О!» экосистемасы өз кызматтарынын тарамдарын кеңейтүүнү улантып, Кыргызстандын рыногундагы төлөм системаларынын ичинен биринчи болуп Калкты тейлөө борборлоруна (КТБга) электрондук кезекке туруу боюнча жаңы акысыз сервисти ишке киргизди.

Эми суперапптын колдонуучулары кезекке онлайн тура алышат – болгону убакыт-саатыңызды тандаңыз да, өзүңүзгө ыңгайлуу учурда КТБга барыңыз.

Жаңы сервис эмнени сунуштайт?

1.  КТБнын кабыл алуусуна 24/7 бою тез жана ыңгайлуу жазылуу.

2.  Убакытты үнөмдөө жана кезекти күтүүнүн жоктугу.
3.  Зарыл болсо, жазылууну жокко чыгаруу мүмкүндүгү.

Кезекти ээлегенден соң, белгиленген убакта КТБдагы терминалдын экранынан билеттин жана оператордун номери көрсөтүлөт. Кезекти аптасына бир жолу жана бир активдүү билетти гана алдын ала пландоого мүмкүн. 

Кезекти кантип онлайн алса болот? 

1.  «Мой О!» тиркемесин ачыңыз → «О!Деньги».

2.  «Сервистер» бөлүмүн тандаңыз → «Мам. кызматтар» → «КТБга электрондук кезек».

3.  Маалыматтарды терип, онлайн жазылууну ырастаңыз.

Даяр!

«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон каалаган оператордун SIM-картасы менен жүктөп же жаңыртып алыңыз жана биринчилерден болуп жаңы сервисти колдонуңуз!

Кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылды.