toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Өзбекстандын карталарына акча которууларды «О!Деньги» капчыгы аркылуу онлайн жөнөтүңүз

Өзбекстандын карталарына акча которууларды «О!Деньги» капчыгы аркылуу онлайн жөнөтүңүз

Өзбекстандын бардык бурчундагы туугандарга же досторго которууларды «О!Деньги» капчыгынан жөнөтсө болот. Сервис 24/7 бою жеткиликтүү болгондуктан керектүү учурда үйдөн чыкпай туруп Uzcard жана Humo банктык карталарына которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Которууну кантип жөнөтсө болот?

1.  «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» капчыгын ачыңыз.

2.  «Которуулар» бөлүмүнө өтүңүз.

3.  «Uzcard» же «Humo» сервисин тандаңыз.

4.  Картанын номерин, жөнөтүүчүнүн жарандыгын жана алуучунун аты-жөнүн териңиз.

5.  Сумманы көрсөтүп, төлөмдү ырастаңыз.

Каражаттар алуучунун картасына өзбек суму менен чегерилет, конвертация автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Комиссия ар бир төлөмдөн 2%ды түзөт «Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон орнотуп алып, онлайн-төлөмдөрдүн бардык артыкчылыктарын пайдаланыңыз!