toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Акцияга катышуу эрежелери жана бонустарды чегерүү шарттары

Акцияга катышуу эрежелери жана бонустарды чегерүү шарттары

1.     Акцияга катышуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

1.1. Колдонуучуларга пуш-билдирүүлөр аркылуу кабарлоодо:

а)               Акцияны өткөрүү жөнүндө пуш-билдирүүнү алгандан кийин «Окуялар» бөлүмүнө өтүү, ал жерде сурамжылоого катышууга өтүнмө берүү үчүн шилтеме бар.

б)              Активдүү шилтеме аркылуу өтүп, өтүнмө берүү.

в)               Кызматкердин чалуусун алуу, сүйлөшүү убагында жолугушууну өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө маалымат берилет.

1.2.Колдонуучуларга телефон чалуулар аркылуу кабарлоодо:

а)               Оператордун кызматкеринин телефон чалуусун алуу, ал Акцияга катышуу эрежелери жана Бонустарды чегерүү шарттары менен таанышып чыгуу үчүн шилтеме берет, ошондой эле жолугушууну өткөрүү убагын жана жерин макулдашат.

1.3.Ушул Эрежелердин 1.1. жана 1.2.-пункттарында баяндалган пуш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча бардык Колдонуучулар аткарууга тийиш болгон кийинки кадамдар:

а)               көрсөтүлгөн убакта жана жерде сурамжылоого катышуу. Жолугушуу болжол менен 40 мүнөт болот. 

б)              сурамжылоо ийгиликтүү аяктагандан кийин жана Катышуучу аны толугу менен өткөн шартта, Акциянын шарттарына ылайык Колдонуучунун номерине Бонустар чегерилет. Сурамжылоонун ийгиликтүү аяктаганын Оператор өз алдынча аныктайт.

1.4.          Акциянын Катышуучусунун жана Уюштуруучусунун укуктары жана милдеттери:

1.4.1.     Акциянын Катышуучусу укуктуу:

а)               Тиркеменин «Окуялар» бөлүмүнөн Акцияны өткөрүлүшү жөнүндө маалымат алууга;

б)              ушул Эрежелерге ылайык Акцияга катышууга;

в)               Акцияга катышуу фактысы Акциянын Катышуучусунун ушул Эрежелер менен таанышкандыгын, аларга эч кандай шартсыз макул экендигин жана аларды сактоого милдеттүү экендигин билдирет.

1.4.2.     Акциянын Уюштуруучусу укуктуу:

а)               Акциянын Катышуучусу болууну каалаган Колдонуучулардын арасынан сурамжылоо үчүн талапкерлерди өз алдынча тандоого;

б)              ушул Эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ошондой эле талаш жагдайлар пайда болгондо Акциянын Катышуучулары менен жазуу жүзүндө сүйлөшүүлөргө же башка байланыштарга барбоого;

в)               Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Акциянын Катышуучусу жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга берүүгө;

г)               каалаган убакта ушул Эрежелерге бир тараптуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

д)              Акцияны мөөнөтүнөн мурда бүтүрүүгө же Акцияны өткөрүүнү жокко чыгарууга;

е)               өзүнүн иш-аракеттери менен ушул Эрежелерди же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган же болбосо өзүнүн иш-аракеттери менен үчүнчү жактардын укуктарын бузган адамдарга бул Акцияга андан ары катышууга тыюу салууга;

ж)             респонденттин жоопторунун сапатына жана толуктугуна жараша төмөнкү Бонустарды чегерүү жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алууга:

·                 500 бонус – эгерде респондент сурамжылоодон толук өтүп, кеңири жана мазмундуу жооп берсе.

·                 100 бонус – эгерде берилген маалымат аз болсо, жооптор кыска болсо (мисалы, «ооба/жок» деп гана) же конструктивдүү кайтарым байланышсыз терс комментарийлерди гана камтыса.

·                 Бонустар чегерилбейт – эгерде респондент сурамжылоодон өтпөсө, катышууну токтотсо, суроолорго жооп берүүдөн баш тартса, кайтарым байланыш мазмундуу эмес/пайдалуу эмес болсо, өзүн туура эмес алып жүрсө же агрессивдүү болсо, сурамжылоону өткөрүүгө тоскоолдук кылса ж. б.

Эскертүү: Бонустар – Колдонуучулардын лоялдуулугун жогорулатуу максатында Оператор тарабынан чегерилген же КРУБ тарабынан берилген лицензияларда каралган кызматтарды көрсөтүүчү болуп саналган Оператордун кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга түрткү берүүгө багытталган виртуалдык бирдиктер. 1 бонустун наркы 1 сомго барабар. Бонустарды колдонуу эрежелери Оператордун расмий сайтында жайгаштырылган Бонустук программага катышуу үчүн Ачык оферта менен аныкталат.

1.5.          Башка шарттар:

1.5.1.     Акциянын Уюштуруучусу Акцияга катыша албай калууга жана/же Бонустардын чегерилбей калышына алып келген Тиркеменин ишиндеги техникалык бузулуулар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

1.5.2.     Акциянын Уюштуруучусу ага көз каранды болбогон жагдайлардан улам Акцияны өткөрүү мөөнөттөрүнүн жылдырылышы үчүн жана башка өзгөрүүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт.

1.5.3.     Маанилүү:

1.5.4.     Акцияга катышуу сиздин ушул Эрежелер менен таанышканыңызды, аларга макул экениңизди жана аларды сактоо милдетин алганыңызды билдирет.

1.5.5.     Акцияга катышуу Колдонуучулардын өз ыктыярдуулук принцибине негизделет, ушуга байланыштуу Акцияга катышкан Колдонуучулар сурамжылоодон өтүүгө байланышкан чыгымдарды, анын ичинде интернетке, шаардык, шаар аралык же мобилдик байланышка кеткен чыгымдарды, транспорттук жана башка чыгымдарды өз алдынча көтөрөт жана аларды Операторго жүктөөгө укугу жок.

Ушул Эрежелерде каралбаган бардык башка учурларда Акциянын Уюштуруучусу жана Катышуучулары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алышат.

Акциянын уюштуруучусу: «Грин Телеком Сервис» ЖЧК . КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.