toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Кешбэги жана акысыз тейлөөсү бар Visa Gold «О!Деньги» виртуалдык картасы

Кешбэги жана акысыз тейлөөсү бар Visa Gold «О!Деньги» виртуалдык картасы

«О!Деньги» сервиси кешбэги бар акысыз Visa Gold виртуалдык картасын чыгарып баштады. Карта менен болгон ар бир сатып алуудан, сервис сумманын 1%ын кардарларына кайтарып берет.

Картанын балансы – бул капчыктын балансы, аны өлкөдөгү терминалдардын көбүнөн жана банктардын тиркемелеринен комиссиясыз толуктаса болот.

Visa «О!Деньги» картасы менен интернеттеги каалаган сатып алууларды төлөсө болот: сүйүктүү сервистерге жазылуу, онлайн-дүкөндөрдөгү сатып алуулар, тамак-аш  жеткирүү, оюндар жана көптөгөн башка сатып алуулар.

Мындан тышкары, Android-смартфондордун колдонуучулары картаны Google Pay’ге байлап алып, сатып алууларды дароо смартфон менен төлөй алышат.

Картаны Google Pay’ге кантип кошуу керек – видеосерепти көрүңүз.

Visa Gold «О!Деньги» дагы эмнеси менен ыңгайлуу:

• банкка барбастан заматта акысыз чыгаруу;

• 3DS технологиясы бар коопсуз интернет-төлөмдөр;

• картаны дароо тиркемеден ыңгайлуу башкаруу;

• Google Pay’ди жана Garmin Pay’ди колдоо;

• POS-терминалдардан смартфон же саат менен контактсыз төлөө;

• бүт өлкө боюнча нактаматтар тармагынан акысыз накталатуу.

Картаны кантип акысыз ачса болот:

1. Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.

2. «О!Деньги» капчыгын ачып, «Visa — виртуалдык карта» салмасын тандаңыз.

3. «Картаны ачуу» баскычын басыңыз.

Карта төлөм жүргүзүү үчүн дароо даяр!

Кешбэкти чегерүүнүн толук шарттары dengi.kg сайтында (ссылка).

Кешбэкти чегерүүнүн шарттары:

1. Visa Gold «О!Деньги» картасы менен жасалган ар бир төлөмдөн 2% кешбэк бонустук эсепке чегерилет.

2. Бонус алуу үчүн транзакциянын максималдуу суммасы: 25 000 сом.

3. Суткасына 1 POS-терминал аркылуу транзакциялардын максималдуу саны: 4.

4. Бир транзакция үчүн бонустардын максималдуу суммасы: 500.

5. Бир айда бонустардын максималдуу суммасы: 10000.

6. Акча которууда жана банкоматтардан накталатууда бонустар чегерилбейт.

7. Акция 31.03.2024 чейин жүрөт.

*

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц. Карталарды эмиссиялоо КРУБдун 20.10.2022-ж. №7003201022 лиц. негизинде атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында жүзөгө ашырылат.